• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ТТМККга мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери Түрк кеңешинин бизнес-сыйлыгын алышты

Экономика 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Бишкекте Түрк кеңешинин бизнес-сыйлыгы менен сыйлоо аземи өттү. Сыйлыкты экономика министри Олег Панкратов жана ТТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев тапшырды.

Бизнес-сыйлыкты “ТРАО” ЖАКтын башкы директору жана директорлор кеңешинин төрагасы Медин Хан Белгин (Азербайжан), “Ордабасы кус” ишканасынын башкы директору Мурат Тагаев (Казакстан), “АБАДА Трейд” тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн менеджери Асель Кадыралиева (Кыргызстан), “ТАНАП” түрк филиалынын башкы директору Бора Чермекли (Түркия) алышты.

Аталган сыйлык Түрк кеңешинин өнүгүшүнө кошулган өзгөчө салым үчүн ыйгарылат.

Пикир

Оставить комментарий