• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Майлуу-Сууда 600 абонентке жылуулук бериле баштады — ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында 600 абонентке жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сууга муктаж болгон тургундарга жалпы 17 ирет суу ташылып берилген. Ошондой эле Майлуу-Суу шаарынын калкына таза суу сатып берүү боюнча жеке ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, натыйжада эки тонна таза суу жеткирилди.

"Саат 17:30дан тартып №1 отказандан жылуу суу берүү башталып, түнкү саат 01:20лар чамасында 16 чакырымды түзгөн теплотрассага толук суу жетип, шаардын жылытуу системасы кайрадан ишке кирген. Натыйжада 600 абонентке жылуулук берилди", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Ал эми 13-январь күнү Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий