• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Оштогу Туран аймактык кеңешине бала бакча курулат

Аймак 0

Бишкек, 23.10.17./Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №1 “Туран” аймактык кеңешинин тургундары менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана тургундар катышты.

Алгач, шаар башчасынын тургундар менен болгон мурунку жолугушууларындагы протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди.

Андан соң,катышуучуларга шаардагы акыркы үч жарым жылда аткарылган жумуштарды камтыган кыскача видеотасма көрсөтүлдү.

А.Кадырбаев эл менен болгон жолугушуунун негизги максаты, жашоочулардын көйгөйлөрүн, маселелерин, суроо талаптарын бетме-бет олтуруп угуу жана жеринде чечүү экенин билдирди.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, калаа башчысы тургундардын суроолоруна түз жоопторун берди.

Аймактын тургундары шаар мэринен бала бакча куруп берүүнү суранышты.

А.Кадырбаев шаарда бала бакчалардын жетишпестиги орчундуу маселе экендигин билдирди.

“Шаарда бала бакчанын жетишпестигин шаардыктар жакшы билет. Бүгүнкү күндө шаардын балдарынын 44 пайызы гана бала бакчага барышат. Эгерде 2010-жылдан бери эле ала турган болсок шаарда бир дагы жаңы мектеп, же балдар бакчалары курулбаса 2014-жылдан баштап, бала бакчаларды, мектептерди курууга басым жасап, акыркы төрт жылда 775 орундуу 8 бала бакчаны курууга Акыркы 3 жылда шаарда 8 бала бакча курганга жетиштик. Сиздердин суранычыңыздар менен Туран аймактык кеңешине да 120 орундуу бала бакча куруп берели”,-деди А.Кадырбаев.

Пикир

Оставить комментарий