• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Милиция чет элдик студенттерди түнкүсүн сейилдөөгө чыкпоого чакырды

Коом 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Күн мурун Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Авиценна атындагы Эл аралык медициналык университетинде жана Саткынбай Тентишев атындагы Азия медициналык институтунда билим алып жаткан чет элдик студенттер менен жолугушуу өткөрдү.

Министрликтен кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө милиция кызматкерлери чет элдик студенттерге мыйзамдардын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп, өлкөдө жүрүү эрежелери, укук бузуулар үчүн жоопкерчилик тууралуу айтып беришти, ошондой эле коомдук жайларда жүрүм-турум нормаларын сактоону сунушташты.

"Чет элдик студенттердин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда. Азыркы Кыргызстан меймандос жана толеранттуу өлкө, бирок ар бир коомдогудай эле антисоциалдык көз караштагы, кылмыштуулукка жакын адамдар бар. Чет элдик жарандарга каршы жасалган кылмыштардын көбү түн ичинде болот. Буга байланыштуу түнкүсүн сейилдөөгө чыкпай эле коюуну сунушталат", - деп түшүндүрүштү милиция кызматкерлери

Белгилей кетсек, жолугушууда активдүү талкуулар жүрүп, студенттерди кызыктырган маселелер боюнча кеңештер берилди.

Пикир

Оставить комментарий