МСКнын башчысы товарларды эсепке алуу пунктунда "Жыйынды пост" системасынын иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана финансы министри Алмаз Бакетаев кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Ак-Тилек" контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги товарларды эсепке алуу пунктуна барышты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында финансы министри жана Абдувапов товарларды ташуу режими, ошондой эле 2021-жылдын январь айында ишке киргизилген "Жыйынды пост" маалыматтык системанын иши менен таанышышты.

Салык кызматынын төрагасы белгилегендей, "Жыйынды пост" системасы салык жол-жоболорун санариптештирүү компоненттеринин бири болуп эсептелет жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен сооданын алкагында товарларды эсепке алуу жол-жоболорун автоматташтыруу, ошондой эле, товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы күрөшүү максатында түзүлгөн.

"Жыйынды постун" колдонуу ички чек араларда товарларды жана транспорттук каражаттарды эсепке алуу процессин тездетти, сапатын жогорулатты жана кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен маалымат алмашууну камсыз кылды", – деди А. Абдувапов.

Ошондой эле, ал "Жыйынды пост" системасынын ишке кириши салыктарды башкарууга оң таасирин тийгизгенин кошумчалады. Алсак, 2021-жылы 2020-жылга салыштырмалуу ЕАЭБдин алкагында импортко кыйыр салыктар 9,3 млрд сомго көп чогултулуп, 34,5 млрд сомду түздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, "Бетамонт" салмак-габариттик контролдоо динамикалык системасы Салык кызматынын карамагына өткөндүгүнө байланыштуу, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарында жакын жердеги салмак-габариттик көзөмөлдү тез арада кайра иштетүү боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

"Бетамонт" системасы жүк ташыган транспорт каражаттын салмагын жана габариттик маалыматтарын автоматтык түрдө сканерлейт жана өлчөйт, бул адам факторунун катышуусуз онлайн режиминде Салык кызматынын маалымат базасына импорттолуучу товарлардын так салмагы жөнүндө маалыматты берүүгө мүмкүндүк берет.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча финансы министри менен Салык кызматынын башчысы ташып киргизилүүчү товарлардын эсебин мыйзам чегинде так жүргүзүү, ишкерлерге көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды беришти.

Маалымат үчүн: "Жыйынты пост" системы бүгүнкү күндө: "Чалдыбар", "Ак-Тилек", "Ак-Жол", "Чоң-Капка" өткөрүү пункттарындагы, "Аламүдүн", "Кара-Балта", "Бишкек-1", "Кара-Суу", "Маймак" темир жол станцияларындагы, "Ош" жана "Манас" аэропортторундагы товарларды эсепке алуу пункттарында толук кандуу иштөөдө.

Импорттоочулар ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды ташып келген учурда кайда болгонуна карабастан онлайн форматта электрондук коштомо кагаздарды "Жыйынды пост" системасы аркылуу толтурушат. Мындан сырткары, товарларды ташып келүүгө карата салык органынан маалымкаттарды Салык кызматынын сайтындагы "жеке кабинети" аркылуу онлайн алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий