Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Бүгүн Нарын шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 100 жылдык мааракеси белгиленди.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, салтанаттуу иш-чара Чек ара кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери, ардагерлер жана сыйлуу коноктордун катышуусу менен өттү.
Президенттин өкүлү Алтынбек Эргешов чек арачыларды маанилүү дата менен куттуктап, алардын кызматтагы берилгендигин жана өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодогу баа жеткис салымын белгиледи. Ал мамлекет тарабынан чек араны чыңдоого болгон аракеттер күч экенин жана бардык тийиштүү иш-аракеттер, колдоолор болуп турарын айтты.
Пикир
Оставить комментарий