• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Нарында эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 31.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 31-августта Нарын облусунун бардык аймактарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алгач Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында аскердик-экономикалык жүрүш болуп, Нарын облусунун тармактарындагы жетишкендиктер даңазаланды.

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык тарыхы М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрынын жана Нарындагы маданият тармагынын жалпы кызматкерлеринин аракети менен сахналаштырылып чагылдырылды.

Андан кийин Нарын облусундагы жетишкендиктерди чагылдырган видеоролик көрсөтүлдү.

Иш чарада президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, КР Эл акыны, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, Нарын облусунун Ардактуу атуулу Өмүрбек Дөлөев, Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну, 16 балалуу Баатыр Эне Бурулбүбү Нааматова куттуктоо сөзүн сүйлөп, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык тарыхына, Эгемендүүлүктүн маанисине кенен токтолушту.

Куттуктоолордон кийин жергиликтүү маданият кызматкерлеринин концерттик программасы тартууланды.

Элибиз үчүн борбордук аянтта соода-сатык ярмаркалары уюштурулуп, Смарт паркта жана Р.Өмүрөва атындагы сейил бакта бөбөктөр үчүн эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Майрамдык иш чаранын уландысы кечки саат 19:00до Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта белгилүү эстрада ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа менен улантылат. Иш чара саат 22:00дө фейерверк менен жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий