• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Нарындагы митинг тынч маанайда өтүп жатат – облустук милиция

Аймак 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы айылында индустриялык-соода-логистикалык комплекстин курулушуна каршы нааразычылык акциясы өтүп жатат.

«Кабар» агенттигине Нарын облустук милициясынан кабарлашкандай, митингге болжол менен миңге жакын адам чогулган.

«Жеринде 100 милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Азыркы учурда митинг тынч маанайда өтүп жатат. Акциянын катышуучулары индустриялык-соода-логистикалык комплекстин курулушуна каршы чыгышууда», - деп билдиришти ИИБден.

Эске сала кетсек, «Ат-Башы» логистикалык борборуна жалпысынан 276 млн доллар инвестиция салынары каралгандыгы кабарланган болчу.

Бул долбоордо «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсы инвестор болууда. Анын негиздөөчүсү кытайлык Лю Ин, Ван Цзыюнь жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров болуп эсептелет.

Аталган долбоор үчкө бөлүнгөн: индустриялык тармак, соода жана логистика тармагы.

2019-жылдын июнь айындагы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сапарынын алкагында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда КР ишкерлери менен КЭР ишкерлеринин ортосунда келишимге кол коюлган.

Комплекс салына турган жер Ат-Башы районунун борборунан күн батышты көздөй 44 чакырым алыстыкта, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий