Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 2024-жылы курулган обьектилер тууралуу маалымат берди.
Белгиленгендей, үй аларда курулуп жаткан обьектинин мыйзамдуулугун атайын электрондук ачык булактан текшерүүгө болот. Ал үчүн министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин сайтына кирип эң ылдыйкы бөлүгүнө көз жүгүртүү жетиштүү.
Ал картадан эмне маалымат алууга болот?
- Долбоорлогон тарап
- Долбоордук техникалык чечимдер боюнча мамлекеттик экспертизанын корутундусу
- Подрядчы
- Буйрутмачы, башкача айтканда, обьектини курдуруп жаткан юридикалык жак
- Объекттин аталышы жана тиби
- Объекттин дареги жана кабаттардын саны
- Коммуналдык кызматтар тууралуу маалымат.
Эгерде курулуп жаткан обьектте мыйзам бузуу фактысы бар болсо, картада кызыл менен белгиленип, “мыйзамсыз курулуш” деген жазуусу бар болот.
Пикир
Оставить комментарий