• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Ош электр тармактары ишканасында күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Ош электр тармактары ишканасында күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери кызуу жүрүүдө, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда жумуш Ош РЭТтин "Северный" участогунда жүрүп жатат.

Быйылкы 2023-жылга карата капиталдык курулуш планына КТП №642 көмөк чордонунан 680 метр 0,4 кВ аба чубалгысы киргизилген. Бүгүнкү күндө 23 даана электр мамычаларын орнотуп, 680 метр аралыктагы аба чубалгыларын тартып бүтүштү.

Ошондой эле, ноябрь айына чейин ТП №1200 көмөк чордонунан 300 метр 0.4 кв аба чубалгысы тартылат жана №456 көмөк чордонунда 450 метр аба чубалгысы быйылкы жылдын капиталдык курулуш планына киргизилген.

Белгилей кетсек, Ош РЭТи жалпысынан Ош шаарынын калкынын 40%ын электр энергиясы менен камсыздайт

Пикир

Оставить комментарий