• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Сеулда парламент төрагаларынын кеңешмесинде биргелешкен декларация кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Сеул шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кореянын парламент төрагаларынын алгачкы кеңешмеси жыйынтыкталды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, "Келечекке багытталган өз ара байланышты өнүктүрүү" аталышында өткөн кеңешменин соңунда биргелешкен декларация кабыл алынды.

Декларация алкагында тараптар саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды мындан ары жигердүү өнүктүрүүгө макулдашып, энергетика, туризм, инфраструктура, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тоо-кен, санариптештирүү өңдүү артыкчылыктуу багыттарда кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгына токтолушту.

Ошондой эле мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүү керектиги белгиленип, кийинки кеңешме 2024-жылы Түркмөнстанда өтөрү айтылды.

Эскерте кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кореянын парламенттеринин төрагаларынын алгачкы кеңешмесине төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Пикир

Оставить комментарий