Ош шаарында балдарга арналган концерттик программа болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарындагы майрамдык иш-чаралардын алкагында Алымбек-Датка этнографиялык комплексинде салтанаттуу концерттик программа болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, калаадагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана шаар тургундары катышты.

Мэр А. Мамбетов балдар үйүнүн тарбиялануучуларын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруу ар бир балдар майрамынын маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи.

“Балдар биздин келечегибиз. Аларды ар тараптан колдоо, жагымдуу шарттарды түзүү, туура багыт көрсөтүү биздин милдетибиз. Ош шаарынын мэриясы балдардын жашоо-турмушун, билимин жана өнүгүүсүн жакшыртуу багытында иш алып барууда жана мындан ары да жасай берет”, - деп белгиледи мэр.

Майрамдын алкагында шаардык маданият бөлүмү менен “Келечек” балдар чыгармачылык борбору тарабынан уюштурулган кеңири концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов балдар үйлөрүнө жана мектеп-интернаттарга акчалай сыйлыктарды жана белектерди тапшырды. Мындан сырткары, бүгүнкү майрамдык иш-чарада ар кандай сынактарда жеңүүчү болгон балдарга белектер берилди.

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Алымбек датка” этнографиялык борборунда аркан тартыш, таяк тартыш боюнча спорттук мелдештер өткөрүлүп, ойлоп табуучулардын көргөзмөсү уюштурулуп, балдар майрамга карата сүрөттөрдү тартып, белектерге ээ болушту.

Иш-чаранын жыйынтыгында майрамга келген бардык балдарга таттуулар жана балмуздактар ​​таратылды.

Пикир

Оставить комментарий