• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ош шаарындагы Амир-Тимур көчөсүн оңдоп-түзөө иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Ош шаарындагы Амир-Тимур (Калинин) көчөсүн толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жумуштары башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов иштин жүрүшү менен жеринде таанышып, иштерди белгиленген иш мерчеми боюнча жүргүзүүнү, мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган жолду Кытай Эл Республикасынын "Чайна Роад" ишканасы оңдоп, түзөйт.

Жумуштардын алкагында тротуарларды, аялдамаларды куруу, ирригациялык, коммуналдык тармактарды орнотуу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий