• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ошто стадиондун үстү жабылып, гибриддик оюн талаасы жасалууда – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Ош шаарынын борбордук А.Сүйүнбаев атындагы стадионунун отургучтарынын үстүн жабуу иштери дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны менен бирге стадиондун кире беришине таман таштар төшөлүп, жарыктандыруусу жана чуркоо аянтчасы, гибриддик футбол талаасы эл аралык талаптарга ылайык келтирилет.

Күн мурун мэр Бакытбек Жетигенов жасалып жаткан иштердин жүрүшүн көрүп чыкты. Шаар тургундарына жана спорт сүйүүчүлөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү негизги максат экенин белгилеп, жумуштарды өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Айта кетсек, жумуштарды шаар күнүнө карата бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий