• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Ошто өзгөчө абал. Кандай учурда жарандардын жылып жүрүүсүнө уруксат берилет?

Аймак 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Ош шаары, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендантынын маалымат борбору аймактагы өзгөчө абалда жарандардын жылып жүрүүсү жана башка чектөөлөр тууралуу маалымат берди.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 25-март күнү Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын аймагына Өзгөчө абал киргизилди. Өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу аты аталган аймактарда саат 20:00дөн эрте мененки саат 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилет.

Ошондуктан бүгүндөн баштап аты аталган аймактарга жарандардын кирүүсү жана чыгуусуна чектөө киргизилет.

Өзгөчө абал учурунда төмөнкү жагдайларда гана жарандардын жылып жүрүүсүнө уруксат берилет:

- дарыканадан даары алууга;
- азык түлүк алып келүүгө;
-ооруканага көрүнүүгө (күн сайын гемодиализ алуучулар ж.б ушул сыяктуу ден-соолугун токтоосуз дарылоо керек болгон жарандар, оорусун далилдеген маалымат кагазы аркылуу санитардык-карантиндик посттордон өтө алат)э

Мындан сырткары, медицина кызматкерлери, укук коргоо органдары, ошондой эле коронавирус илдетине каршы иш-чараларга тартылган айрым мамлекеттик кызматкерлер тоскоолдуксуз жумуштарын жүргүзө алат.

Ошондой эле азык-түлүк, дары-дармек, илдет менен күрөшүүгө керектүү каражаттар, курулуш материалдар жүктөлгөн оор жүк ташыган автоунаалар тоскоолдуксуз өтө алышат.

Өзгөчө абал учурунда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө санитардык-карантиндик блокпостторго, илдет чыккан аймактарга барып интервью алууга катуу тыюу салынат.

Азык-түлүк, дары-дармектерди үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында ар бир айылда жана аймактык башкармалыктарда адамдардын муктаждыгы үчүн көчөлөргө чыгуусунун санын азайтуу максатында демилгечи топтор түзүлүп, айылдагы жана аймактагы жашоочулардын муктаждыктары боюнча керектүү азык-түлүк жана даары дармектерди алып келүү жагы уюштурулат.

Ошондой эле күнүмдүк турмушта пайда болгон ар кандай суроо жана маселелер болсо, төмөндөгү даректерге кайрылсаӊыздар болот.

Байланыш телефондору: түз байланыш телефон номери: (03222) 6-64-95,

Нөөмөт бөлүмү: (03222) 6-65-90, (0312 )29-10-70,

Ыкчам штаб WhatsApp: +996 552 98-11-11,

Атайын уруксат кагаз (спец. пропуск) алуу боюнча суроолорго: (03222) 6-66-02, WhatsApp номери: +996 772 0019-19 Мусаев Акыл.

Ош шаары боюнча маселелерди сурап билүү - (03222) 7-10-19, 5-65-12, WhatsApp 0755599270.

Кара-Суу району боюнча маселелерди сурап билүү - 0555551407, 0554652513.

Ноокат району боюнча - 0553020880, 0777020880.

Ошондой эле "102" номуруна да кайрылсыӊыздар болот.

"Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары кызыккан суроолорду ушул электрондук дарекке jashirba@mail.ru жана WhatsApp 0773053665 номуруна жөнөтсөңүздөр болот. Өзгөчө абал учурунда башка шаарлардан келип Ош шаары аркылуу өтүүчү автоунаа жолдордун багыттарына өзгөртүү киргизилди. Жүк ташуучу автоунаалар картанын сары сызыгынын багыты менен Бишкек-Ош автожолунун 659-чакырымындагы "Т-"образкадан баштап, Нариман айлампасынан өтүп, Ош шаарынын ХБК кичи району аркылуу Манас эстелиги аркылуу Б.Осмонов көчөсү менен Барсбек эстелиги аркылуу Ош шаарынын Т. Кулатов кичи районунан өтүп, Учар айылындагы Ноокат айлампасы аркылуу Ноокат районуна андан кийин Баткен облусуна чыгып кетет. Баткен-Ош- Бишкек багыты боюнча да ошол жол аркылуу чыгып кетет", - деп айтылат маалыматта.


Пикир

Оставить комментарий