Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Ош шаарында жарандар менен укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара байланышты чыңдоого арналган "Милиция менен кофе" акциясы өттү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара ИИМ тарабынан жарыяланган "Укук тартип" эки айлыгынын алкагында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Чогулгандарга шаардык мэриянын өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилери укук тартибин бекемдөөдө мамлекет менен коомдун биргелешкен ишинин маанилүүлүгүн, ошондой эле жарандар арасында укуктук маданиятты жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.
Иш-чаранын башкы бөлүгү маалыматтык аймактар болду. Анда шаар тургундары жана меймандары укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен түздөн-түз баарлашып, актуалдуу маселелери боюнча маңыздуу жоопторду алышты. Ошондой эле ар кандай кылмыштардын курмандыгы болбоо үчүн тийиштүү коопсуздук жолдору менен тааныша алышты. Жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу суроолорго жооп берген, ошондой эле укук бузуулардын алдын алуу боюнча кеңештери менен бөлүшкөн милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулган маалымат аймактары коомчулуктун өзгөчө кызыкчылыгын пайда кылды.
Бул жагдай чогулгандардын арасында жылуу маанайды тартуулап, ар бир адамдын жалпы коопсуздук ишине кошкон салымы маанилүү жана баалуу экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө шаар тургундарына коопсуздук багытында ар кандай конкурстар өткөрүлүп, туура жооп берген жарандарга атайын белектер тапшырылды. Андан тышкаркы, ысык чай уюштурулуп, анын жүрүшүндө шаардык милициянын жетекчилиги менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Иш-чаранын катышуучулары мындай демилгелер ишенимди арттырып, укук коргоо органдарынын ишин жакшыраак түшүнүүгө жардам берерин белгилешти.
"Укук тартип - бул биздин жалпы максатыбыз жана коопсуз коомду өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Биз жарандарга жакын болууга, алардын суроо-талаптарын угууга жана актуалдуу маселелерди биргелешип чечүүгө умтулабыз. Мындай иш-чаралар бизге коомчулук менен ишенимди бекемдөөгө жана шаардын ар бир тургуну менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жардам берет", - деп жыйынтыктады Ош ШИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишев.
Пикир
Оставить комментарий