• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Парижде Олимпиада оюндары салтанаттуу түрдө ачылды

Дүйнө 0

Бишкек, 26.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Парижде XXXIII жайкы Олимпиада оюндары салтанаттуу түрдө ачылды. 200дөн ашык өлкөдөн келген 10 миң 500 спортчу бул ирет стадиондо эмес, Сена дарыясы аркылуу чыгыштан батышты көздөй параддан кеме жана кайыктар менен сүзүп өтүшүүдө.

Салтка айлангандай катышуучулардын жүрүшүн Греция баштап берди. Спортчулар менен Франциянын президенти Эмманюэль Макрон, Эл аралык олимпиадалык комитеттин башчысы Томас Бах саламдашты.

Парадды Олимпиаданын кожоюну Франциянын курама командасы жыйынтыктап берет. Ал эми калган мамлекеттер алфавиттик тартипте кезек менен чыгышууда. Кыргызстандын спортчулары 98-болуп парадга чыгып, мамлекеттик тууну дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп өтөт.

Параддын жалпы узундугу 6 чакырымга созулуп, Аустерлиц көпүрөсүнөн Эйфель мунарасынын жанындагы Йенск көпүрөсүнө келип токтойт.

Салтанатка жээктен 500 миңдей адам, дүйнөнүн ар тарабынан миллиондогон телекөрүүчүлөр назар салышууда.

Ачылыш аземдеги сахналаштырылган спектакль жана концерттик программа актер, режиссер Томас Жоллинин жетекчилиги астында уюштурулду. Анда үч миңден ашык актер, музыканттар, чыгармачыл топтор жана бийчилер өз өнөрлөрүн тартуулап жатат.

Белгилей кетсек, 26-июлдан 11-августка чейин созула турган Олимпиада оюндарында 200дөн ашык өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу күч сынашат. Париж-2024 мелдешинин программасына спорттун 45 түрү киргизилген. Анда 329 медалдардын топтому ойнотулат.

Кыргызстандын атынан Олимпиадага 16 спортчу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге чыгышат.

Пикир

Оставить комментарий