• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Президенттин басма сөз катчысы Жапаров менен Ташиевдин айылдары гана өнүгүүдө деген маалыматка комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактарда тарап жаткан президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин туулуп-өскөн айылдары гана өнүгүүдө деген маалыматка комментарий берди.

“Урматтуу достор, айрымдар “Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө” деген маанайдагы маалыматты чыгарууда. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилер боюнча маалымат менен дагы бир жолу бөлүшүүнү туура көрдүм.

Мамкурулуш тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин республикалык бюджеттин эсебинен 193 объекттин курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары 6 млрд 172,1 млн сомго бүткөрүлгөн, алар:

- 99 мектеп;

- 25 бала бакча;

- 16 саламаттык сактоо объекттери;

- 6 маданият тармагындагы объекттери;

- 5 спорткомплекс;

- 30 калкты таза суу менен камсыз кылуу объекттери;

- 12 башка объекттер (административдик имараттар, стационардык транспорттук көзөмөл пункту ж.б.).

Анын ичинде облустар боюнча:

Чүй облусунда — 22 объект;

Баткен облусунда — 46 объект;

Жалал-Абад облусунда — 27 объект;

Ысык-Көл облусунда — 18 объект;

Нарын облусунда — 18 объект;

Ош облусунда — 47 объект;

Талас облусунда — 15 объект.

Мындан тышкары, башка каржылоо булактардын эсебинен (кайрымдуулук фонддордун, облустук өнүктүрүү фонддорунун, жеке донорлордун каражаттары) өлкө боюнча 130 социалдык объектилердин курулуштары бүткөрүлдү”, - деп маалымдады ал.

Пикир

Оставить комментарий