• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ардагерлер Жеңишбек Жоробековго ардагерлер бөлмөсүн бөлүп берүүнү сунушташты

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Жеңишбек Жоробеков ведомствонун ардагерлери менен жолукту.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жеңишбек Жоробеков ардагерлердин акыл-насаат, кеп-кеңештерин жана сунуш-пикирлерин уккан.

Ардагерлер жол коопсуздугун камсыздоо багытында көйгөйлүү маселелерди талкуулап, күнүмдүк жумуштарды аткаруу үчүн атайын ардагерлер бөлмөсүн бөлүп берүүнү ведомствонун жетекчилигине сунушташкан.

Андан тышкары;

– милиция кызматкерлери менен ардагерлер ортосундагы ынтымакты бекемдеп, жаш кызматкерлерге тажрыйбалуу кызматкерлерден насаатчыларды колго алуу;
– кызматкерлер арасындагы тартип жана мыйзам бузуулардын алдын алуу жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуп үйрөтүү иштерин жүргүзүү багытындагы сунуштар айтылган.

Пикир

Оставить комментарий