• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Сүйүнбек Касмамбетов демейки чиновник эмес, жаңы замандын лидери, кыргыз көчүнүн жалындуу идеологу

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Өлкөбүзгө лидер керек экендигине, айрыкча, соңку эки жылдагы республиканын турмуш практикасы далилдеп койду.

Президент Садыр Жапаровдун күн-түн дебей, талыкпаган күжүрмөн иш- аракеттеринин жана ак ниет жетекчилигинин натыйжасында экономикабыздын бардык тармактарында өсүү, көтөрүлүү процесси өр алып жатат. Калыс болуу керек, 30 жылда жасалбаган далайлаган ишти Садыр Жапаров жасап койду.

Илгери Ысык-Көлдүк жети Акенин бирөө “канатка-жел тирек, туякка - жер тирек, ханга - эл тирек” деген экен. Эгер Садыр Жапаровго эл тирек болуп, колдоого алып,сүрөөгө алып, журт ичиндеги Абыке-Көбөштөрдү, Канчоро-Кыяздарды, Көзкамандарды, авантюристтерди тыйып турса, мекенибиздин ташы өйдө карай куларына ишеним жаралып калды. Мындай ишенимдин жаралышына президенттин жүрөктөрү эл-жер деп соккон Сүйүнбек Касмамбетов, Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев сыяктуу жалындуу чоролорунун мээнеткеч, мекенчил, атуулдук ишмердиктери жана күрөштөрү сүрөө болууда.

Айкөл Манас атабыз Бакай, Кошой, Чубак, Алмамбет, Сыргак, Ажыбай, Акбалта, кырк чоро сыяктуу жолборстору менен жеңишке жетишкен эмеспи. Башчы бирөө болот, калганы ага тирөө болот деген чын.

Президент Садыр Жапаровдун рухий-адеп-ахлак, дене тарбия, улуттук нарк, кыргыз жараны, “Манас” жөнүндөгү Жарлыктарынын концептуалдык нускаларын жетекчиликке алып, өлкөнүн маданий -идеологиялык багытында жемиштүү иштеп, эл-журтубузду жаңы жолго баштап жаткан, Бакай бабасындай болуп, караңгыда көз таап, капилеттен сөз таап, көпчүлүктү артынан ээрчиткен эл башчылардын бири, албетте, жогоруда аты аталган Сүйүнбек Сапарбекович Касмамбетов.

Сүйүнбек Касмамбетов нагыз идеолог,трибун, эл алдында чыгып, сөз сүйлөөдө талашсыз артыкчылыктарга ээ. Кайсы жерде, кандай гана шартта калк алдында сүйлөбөсүн, ташка тамга баскандай таасын кеп айтып, кудуктан тартып суу алгандай, ойлору тереңден оргуп чыгып, угарманды арбап, шаблондуу эмес, эркин айткан учкул сөздөрү, илгерки сөзмөр карыялардай салмактуу, нарктуу аңгеме- дүкөн курган чечендиги, отургандарды алакан чаптырып, аларды улуттук ар-намыстын жана улуттук баалуулуктардын нугунда ойлонууга шыктандырууда.

Советтик доордо, кийинки постсоветтик эркин мезгилде деле батымы жок, коркок, трибунадан жылмалап “туура”сүйлөгөн,”туура” ойлорду айткан, кагаздан башын көтөрбөгөн, кургак канцелярдык стилде божураган, ой жүгүртүүсү көнүмүш догмалардын алкагынан чыкпаган, улутсуз,тамырсыз космополитттик духта ойлонгон, “сверхинтернационалист” чиновниктин образы биздин аң-сезимге бекем орноп калган. Мамлекеттик чиновниктин мындай тиби айрыкча, Чыңгыз Айтматовдун романдарында Сабитжан, Таңсыкбаев, Кочкорбаев, Сегизбаевдин бейнелери аркылуу таамай чагылдырылган. Мисалы: “Кыямат”романындагы парторг Кочкорбаев деген чиновникти эске түшүрөлү.

Кочкорбаев өзүнүн жекече пикири, менчик позициясы, инсандык өз алдынчалыгы жок, айланага даяр жоболордун “көз айнеги” аркылуу караган, кагаздагы эрежелер менен эреже болуп катып калган, бирок алардын духун түшүнбөй, тамгаларын жаттап алган, жандуу турмушту түз сызылган схема сыяктуу көргөн догматик аткаминер.

Ушундай болуп туруп, ал өзүн бүгүнкү күндүн алдыңкы, үлгүлүү адамымын деп чын ниеттен эсептейт. Далай жылдардан бери канча аракет кылса да, чабан Бостон ушул парторг Кочкорбаевге түшүнбөй келет. “Мойнунан галстугу түшпөйт, колунда качан болсо бир папке, качан болсо бирдеменин камын катуу көрүп жүргөн кишидей “иш, иш айланайын иш көп” дейт, жүргөнү да ылдам, сүйлөгөнү да ылдам, сүйлөгөндө кудум гезиттен окубаткандай сүйлөйт. Бул: “Түшүндө деле жазылганды окубаткандай сүйлөп, түш көрсө керек” деп ойлойт Бостон.

Кыргыз калкы өмүрүндө тышкы күчтөрдөн, тоталитардык бийликтен, ар кандай табигый кырсыктардан далай азап чекти. Ошондой эле, өзүнүн ичинде отурган “Кочкорбаевчиликтен” көргөн кордугу да андан аз болгон жок.

Бирок, социализмдин кулашы менен Кочкорбаев деген тип кошо жоюлуп кеткен жок. Ал эгемендүүлүүктүн жылдарында да мамлекеттик жогорку органдардагы чиновниктик креслолордо, жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги бийлик аппараттарында чалкалап отуруп келди. Кочкорбаевдик көнүмүштөрдү алып жүргөн мамлекеттик чиновниктер улуттук баалуулуктар, улуттук дөөлөттөрдүн, нарктардын негизинде кайра жаралуу, улуттук иделология, кыргыз болуу, улутту сактоо, улутман болуу деген түшүнүктөрдөн, бул багытта кадам таштоодон жаа бою качып келишти. Маселен, бир эле мисалды кыстара кетели.

Бүгүн президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев: “кээ бир кыргыздардын коркок же кул мүнөздүк позициялары күйгүздү. Жаңы кабыл алынган Конституциялык “Мамлкетттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын контекстинде айтайын, Эне тилибизге өзүбүздүн эле кыргыздар кайдыгерлик кылышып, алтургай агрессивдүү түрдө каршы чыгышкандары өкүнтөт. Кыргыз тилин тоотпой, аны жээриген күчтөр дагы деле бар экен”- деп бекеринен жазып жаткан жок. (“Азия” газетасы, 28-декабрь, 2023-жыл). Бул фактынын өзү “эмне үчүн эл арасынан фольклорду жыйнайт”, деп мугалим Абуталипке саясий шек менен караган Таңсыкбаев кейиптенген, же болбосо, “социализмдин негиздерине кол салууга сага жол бербейм”, деп чабан Бостонго сүйлөгөн Кочкорбаевге (Ч. Айтматов) окшогон типтер дале бийлик бутактарында отургандыгын күбөлөйт.

Сүйүнбек Касмамбетов жогорку органдарда, мамлекеттик, өкмөттүк аппараттарда буга чейинки чочоюп, чокчоңдоп отуруп келген канцелярия, догма жыттанган, маңкурт кейиптенген “Кочкорбаевдик” типтеги чиновникке, Таңсыкбаев өңдүү аткаминерлерге альтернатива сыяктуу.

Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик жетекчинин эгемендүүлүктүн шартындагы жаңы тиби. Ал чиновник эмес, эркин ой толгогон, суверендүү ой жүгүрткөн, индивидуалдык өз алдынчылыкка эгедер личность. Болгондо да улутубуздун руханий өнүгүшүнүн стратегиялык багыттарында ой чуркаткан, улуттук кызыкчылыктардын сакчылыгында турган Манастын урпагы. Мындай сапаттарды ал өзүнүн манасчы атасы Сапарбек Касмамбетов аксакалдан мурастап алган.

Карагылачы, калайык журт, өзүңөр күбөсүңөр, качан эле мамлекеттик чиновник Сүйүнбек мырзача сүйлөчү эле. Качан эле мамлекеттик чиновник “улутум кыргыз, урааным Манас” дечү эле. Сүйүнбек Сапарбекович кыргыз үчүн, улутубуз үчүн, улут аралык ынтымак үчүн, жаркын улуттук келечекти көздөп, макал-ылакаптарды, учкул сөздөрдү куюлуштуруп, эл ичиндеги притчаларды, уламыштарды, икаяларды, санат сөздөрдү колдонуп, ата-бабаларыбыздын наркын айтып, улуу адамдардын сабактарын саймедиреп, ар намысыбызды козгоп, аң сезимибизди ойготуп, кулагыбыздын курчун кандырып, черибизди жазып, муютуп жатпайбы. Муну баарыбыз көрүп турабыз го. Ушундан улам анын популярдуулугу эл арасында өсүүдө. Сүйүнбек Сапарбековичке карапайым катардагы жарандардан тартып, журналист, академикке чейин өздөрүнүн оң бааларын берип келишет. Мисалы: журналист Асланбек Сартбаев минтип жазат: “Бийликтин беделин көтөргөн саналуу гана аткаминерлер бар. Алардын сап башында Сүйүнбек Касмамбетов турары талашсыз чындык. Жетекчи катары ырааттуу жүрүшү, тазалыгы, билиминин тереңдиги, ой чабытынын кенендиги менен өзгөчө. Түпкүрдө катылып жаткан кыргыз баалулуктарын, нарк-насилин, салт-санаасын жадыбалдай жатка билет. Эпикалык жанрдан алабызбы, уламыштарбы, фолклорбу, айтор улуттук уңгу мурастарыбызды жипке тизилген шурудай кынаптай алганы, “Манасты” жан дүйнөсүнө бекем сиңиргени, бүтүндөй жан дүйнө таанымын алмадай башына батырганы, чын эле баракелде! Же таңкалычтуу. Байыркыдан азыркыга чейинки дилбаянын уккан адам энергия алып, аруулукка чулганат”. (“Азия” гезетасы, 18.05.2023).

Ал эми акын, академик Абдылдажан Акматалиевдин “Нарктуулук” жөнүндөгү ырынын поэтикалык саптарында түзүлгөн мамкатчынын образы бул:

Сүйүн мырза баштап берип нарктарды,
Байыркыдан мурас калган жактарды.
Уламыштан, легендадан айтасың,
Келиштирип, уккулуктуу саптарды.
Пулеметтой сөз жаадырып октобой,
Нөшөр сымал төгүлөсүң токтобой.
Акылыңан байыркылар жаңырат,
Кошой ата, Бакай ата жоктолбой.

Бүгүн керек ар-намыстуу адамдар,
Келечекке улут сактаар кадамдар.
Нарктын туусун көкөлөтүп, көтөрүп,
Жаша элим, Сүйүн өңдүү балаң бар!..


Азыр бизде чечилбеген түйүн бар,
Баарыбызга наркты чечер Сүйүн бар.
Нарктын туусун көкөлөтүп, көтөрүп,
Жаша элим, Сүйүн өңдүү балаң бар!..

Сүйүнбек мырза, жогоруда айтылгандай, өмүр бою бийлик аппаратында кызматкер болуп жүрдү, расмий чоң кызматтарды аркалап, кеңселерде отурду. Бирок ал аппарат менен аппарат болуп, кеңсе менен кеңсе болуп катып калбаптыр. Кашкабаш кеңсечи догматикке айланбаптыр. Жайнаган кыйма-чийме мыйзамдардын, эрежелердин, расмий кагаздардын арасында жүрсө да, аларга жутулбай, өзүнүн өз алдынча личносттук парасатын жоготпой, жеке индивидуалдуулугун сактап, инсандык көз карандысыздыгын бөпөлөп, интеллектиси өстүрүп, тарыхый-маданий даярдыгын тереңдетип жүрүп отуруптур. Ал ар кандай Кочкорбаевдердин арасында жалгызсырап, ыңгайлуу учурду зарыгып күтүп келген сыяктуу. Үчүнчү революциядан кийин ичинде тумчугуп келген энергиясы сыртты карай шар берди белем.

Бүгүн Сүйүнбек Касмамбетов демейки чиновник эмес, заманыбыздын лидери, кыргыз көчүнүн жалындуу идеологу, мекенибиздин патриоту жана интеллектуалы, улуттук нарктардын жарчысы. Ал трибундагы үгүт-насыят менен гана чектелген жок, реалдуу иш кылууда.

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыктарын турмушка ашыруу үчүн түркүн концепцияларды, улуттук программаларды, стратегиялык документтерди, масштабдуу улуттук иш-чараларды түзүүнү жетектеп, уюштуруп, алардын аткарылышына жетишүүдө.

Президенттин Жарлыгынын духунда “Улутубуздун уңгулуу нарктары” аттуу көлөмдүү, керектүү колдонмо-китептин жазылышына кеңешчилик кылып, баш сөзүн жазып, жарыкка чыгышына себепчи болду. Басмадан чыккан “Кыргыздар” аттуу кырк томдуктун редколлегиясынын башында турду.Азыр өлкөнүн идеологиялык концепциясын түзүүнү жетектөөнү колго алды. Булар мамкатчынын жайнаган, кайнаган иштеринин чети гана. Кыскасын айтканда, Президент Мамкатчылыкка Сүйүнбек Касмамбетовду бап келтире тандаган экен.

Бир кезде Чыңгыз Айтматов “Дүйнөлүк сахнадагы биздин жолубуз, ордубуз, эртеңки күнүбүз кандай болот,” деп саанаркаган эле. Сүйүнбек Касмамбетов улуу жазуучубуз таштаган ушул санаалуу соболго жооп бергендей, өзүнүн төмөндөгүдөй социалдык-философиялык көзкарашын тартуулайт: “Кыргыз эли – дүйнөлүк цивилизациянын ажырагыс бир бөлүгү, андан четте калууга акыбыз жок. Биз жалпы адамзат дүйнөсүндө нечендеген кылымдардын сыноосунан тайгылбай өткөн улуттук өзгөчөлүгүбүздү, ата-бабабыздын нарк насилин, улуттук салт-саанабызды, маданий жана руханий баалуулуктарыбызды сактоо менен кирип, өзүбүздүн татыктуу ордубузду табууга тийишпис”. (С. Касмамбетовдун “Накылга нарк улуттук нарк” макаласынан). Бул омоктуу, олуттуу социалдык идея Мамлекеттик катчыбыздын өз элинин дүйнөлүк көчтүн сабындагы болочок ордуна карата өзүнүн терең ишенген концепциясы бар экендигин ырастайт.

Буюрса, эл-журтубуз мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун мекенчил ишмердигинен бай түшүм жыйнарына ишенебиз. Акырында айта турган сөзүбүз бул. Улуу акын Арстанбек айткандай, бүгүнкү “устаранын мизинде оодарылган” заманда, глобалдашуунун, дүйнөлүк интеграциялык процесстердин этносторду, майда улуттарды ассимиляциялап, оп тартып кетүү коркунучунун шарттарында, кубаттуу державалардын, глобалдык геосаясий күчтөрдүн, күчтүү постиндустриалдык цивилизациялардын кучагына жутулуу, чет өлкөлүк массалык маданияттын баскынында калуу опурталдуулугунун кырдаалында, улуттук бир чоң стратегияны карманып, эгемендүү мамлекеттүүлүгүбүздү, тилибизди, тарыхыбызды, салтыбызды, маданиятыбызды улуттук идентүүлүгүбүздү көздүн карегиндей сактоо, коргоо, чыңдоо, бекемдөө, өнүктүрүү - бул биздин улуттук жетектөөчү эң башкы генералдык идеябыз, жалпыбыздын жарандык стратегиябыз. Ырасында эле, Кыргызстан үчүн бүгүн мындан ашкан кымбат жана мындан бийик, ыйык стратегия барбы? Кыргыз мамлекети ушул улуттук жетектөөчү эң башкы генералдык идеяны, мекенчил стратегияны өз муундарынын, жарандарынын алдында туу кылып көтөрүүгө, жылдыздай жаркыратып, маяк кылып кармоого тийиш.

Дал ушул стратегиялык жолдо мамлекеттик катчыбыз Сүйүнбек Касмамбетовдун чоң жүктү көтөрүп, чоң роль ойноору шексиз. Анткени Сүйүнбек Касмамбетов идеолог-лидер, Кыргыздын уңгулуу дөөлөттөрүнүн негизинде улуттук кайра жаралуунун жарчысы, кыртышчыл патриот, эң негизгиси, талант жана уюштургуч, жүрөгүндө жалы да, жалыны да бар азамат, компетенттүү жетекчи.


Советбек Байгазиев,

Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Ардактуу академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Пикир

Оставить комментарий