• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Лейлек районунун тургунун 130 миңге алдап кеткен жаран Россиядан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Лейлекте алдамчылык кылгандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран Россиядан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы мартта Б.А. аттуу жаран Лейлек районунун Кулуңду айылындагы навайканалардын бирине нан бышыруучу болуп ишке орношуп, анын ээсинен алдын ала акча алып, изин жашырып кеткен.

Бул факты райондук милицияга КР Кылмыш-жаза кодексинин"Алдамчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө навайкана ээсине 132 миң сомдук зыян келтирген Б.А. аттуу жаран мурда соттолгон Кара-Суу районунун тургуну экендиги аныкталып, Лейлек РИИБи тарабынан издөөгө алынган.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлеринин ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде Россиядан кармалып келди.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий