• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Салык кызматы жарандарды шылуундардан сак болууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгын эскертет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, шылуундар өздөрүн Салык кызматынын кызматкерлери катары тааныштырып, мессенджерлер аркылуу кайрылышат жана Салык кызматынын башкармалыгынын начальниги сыяктуу адамдардын колу коюлган жасалма билдирүүлөрдү жөнөтүшөт. Алар бул билдирүүлөрдө "акча которууну" аяктоо үчүн ойлоп табылган жана жок салыкты төлөөнү талап кылышат.

Белгилей кетсек, Салык кызматы салык төлөөчүлөргө социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу расмий билдирүүлөрдү жөнөтпөйт, ошондуктан жарандарды сак болууга жана шылуундардын айла-амалдарына алданбоого чакырат.

  • Эч качан шектүү талаптар боюнча акча которбоңуз.
  • Жеке жана купуя маалыматтарды бөлүшпөңүз. "Салык органынын" же башка мекемелердин болжолдуу кызматкерлери сураса дагы, эч качан сыр сөздөрдү, SMS коддорун же банк картасынын маалыматтарын бербеңиз.
  • Шектүү шилтемелерди ачпаңыз. Шылуундар бузулган аккаунттарды колдонушу мүмкүн, ошондуктан билдирүү тааныш адамыңыздан келсе дагы ачпаңыз.
  • Маалыматтарды текшериңиз. Эгерде сизге тааныш эмес номерлерден жазып жатышса, айрыкча мамлекеттик органдардын же банктардын атынан шектүү талаптар менен кайрылып жатса, анда маалыматты текшерип, бул ведомстволордун өзүнө кайрылыңыз. Расмий сайттарда көрсөтүлгөн номерлер боюнча уюмга чалыңыз.

"Салык кызматкеримин деген адам тарабынан шектүү кайрылуулар болгон учурда укук коргоо органдарына билдирүүнү суранабыз",-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий