Санариптик трансформацияны ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча семинар өттү

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Бүгүн “Кыргыз Республикасында санариптик трансформацияны ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу” темасында инновациялык форматта семинар болуп өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы, КРнын санариптик өнүктүрүү министри, “Digital CASA – КР” долбоорунун директору, КРнын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин (санариптик өнүктүрүү боюнча) орун басарлары жана министрлер кабинетине караштуу Санариптик өнүктүрүү маселелери боюнча эксперттик кеңештин мүчөлөрү катышты.

Семинарды президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы ачты. Ал өз сөзүндө өлкөнүн санариптик өнүгүүсүнүн негизги багыттарын белгиледи.

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева санариптик демилгелерди координациялоону жана өз ара аракеттенүүнү жогорулатуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттик органдарда санариптик компетенцияны активдүү түрдө жогорулатууга чакырды.

“Digital CASA-КР” Долбоорунун директору долбоорду ишке ашыруу боюнча маалымат берип, өлкөнү санариптик трансформациялоо үчүн анын маанилүү ролун белгилеп, улуттук санариптик экосистеманы түзүүнүн базасы болгон долбоордун бардык компоненттерин ишке ашыруунун маанилүүлүгү жөнүндө айтып берди. “Биз активдүү кызматташууга жана долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө чакыргыбыз келет, анткени бул өлкөдөгү санариптик кайра түзүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана эл аралык рыноктордо стратегиялык санариптик өнөктөштүктү түзүүгө мүмкүндүк берет", - деп билдирди ал.

Бул семинар республикада санариптик трансформацияны биргелешип ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик кызматкерлердин жана көз карандысыз эксперттердин диалогу үчүн аянтча катары өткөрүлдү.

Иш-чаранын олуттуу бөлүгү санариптик сабаттуулукту жогорулатууга арналган (автоматташтырылган маалыматтык тутумдарды, электрондук документ жүгүртүү тутумун колдоно билүү, киберкоопсуздук жөнүндө түшүнүк ж.б.).

Мындан тышкары, туруктуу улуттук санариптик экосистеманы түзүүнүн компоненттеринин бири катары санариптик Кодекстин долбоорунун бет ачары өткөрүлдү, ошондой эле G-Cloud (санариптик Өкмөттүн инфраструктурасы) боюнча маалымат берилди.

Формалдуу эмес баарлашуунун алкагында эксперттик кеңештин мүчөлөрү өз сунуштарын беришип, санариптик трансформацияны тездетүүнүн куралдары жөнүндө ой бөлүшүштү.

Пикир

Оставить комментарий