• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууга төрт компания кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 05.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууга төрт компания кызыкдар. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, шаардык мэрия АКШ, Түркия, Россия жана Германиянын төрт компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

“Кечээ түркиялык компания менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүү жүрдү. Төрт компаниянын кимиси таштандыны кайра иштетүүчү заводду курууну батыраак баштай турган болсо, ал менен келишим түзөбүз. Алдыдагы 2-3 ай ичинде бирөөсүн тандайбыз”, - дейт мэр.

Пикир

Оставить комментарий