• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Сарык илдетине чалдыккан кыргызстандыктардын 1% гана ооруганын билишет – Нурматов

Ден соолук 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Сарык илдетине чалдыккан кыргызстандыктардын (жуктуруп алгандар) 1% гана ооруп калганын билишет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, бул сан изилдөөнүн жыйынтыгынан алынган.

"Мурунку жылы Бишкек калаасында 1 миң 74 адам текшерүүдөн өткөн. Алардын ичинен сарыктын "С" түрүнө 4,7%, "В" түрүнө 3% адам чалдыккан. Андан тышкары, "СПИД" борборунда профилактикалык медицина бар. Анда боюнда бар аялдар, баңгиге берилгендер, операция кылган медицина кызматкерлери текшерүүдөн өтөт. Анализдин жыйынтыгында аныкталгандай, Кыргызстанда 189 миң адам сарыктын "В" түрүн жугузуп алса, 200 миңи гепатиттин "С" түрүнө чалдыккан. Бардык маалымат чогулгандан кийин (ооруну жуктуруп алгандардын ичинен) кыргызстандыктардын 1%ы сарык оорусу менен ооруй турганын билишкени маалым болду", - деди Нурматов

Пикир

Оставить комментарий