• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Инклюзивдик билим берүү боюнча ресурстук борбордо үй-бүлө тууралуу ачык сабак өттү

Коом 0

Бир нече жылдан бери Инклюзивдик билим берүү боюнча ресурстук борбордо "Сорос-Кыргызстан" фондунун каржылык колдоосу менен Борбор Азиядагы Евразия фонду ишке ашырып жаткан "Кыргыз Республикасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүдө инновациялык технологияларды киргизүү" долбоорунун алкагында жалпы билим алууда өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн сабактар өткөрүлүп келет.

Педагог Мария Холматованын айтымында, алардын сабактарынын максаты – «үй-бүлө» түшүнүгүнүн маанисин баалай билүүгө үйрөтүү.

«Менин окуучуларымдын баардыгы – ар түрлүү. Алардын ар бири үчүн кызыктуу, ар түрдүү, алардын кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына төп келген тапшырмаларды тандап берүү абдан чоң мааниге ээ»,- дейт Холматова.

Жакында эле ал борбордо үй-бүлө тууралуу ачык сабак өткөрүлгөн.

Ачык сабак оюндан башталып, ага ылайык балдар сабактын темасын табышы керек эле. Балдар жашырылган «үй-бүлө» деген сөздү шарада сүрөтүнөн табышкан.

Сабак учурунда балдар «үй-бүлө» издеген думана тууралуу жомок көрсөтүшкөн. Ошондой эле балдар жакындары жөнүндө ыр окуп, өздөрү тарткан сүрөттөрдү ата-энелерине белек кылган.

Сабактын аягында балдар «үй-бүлө» түшүнүгүн чечмелеп, ал достук, сүйүү, түшүнүү, камкордук, сыйдын негизинде кураларын айтып беришкен.

Ачык сабакта балдардын ата-энелери конок болушкан.

«Сабак абдан кызыктуу болду. Сабактын аягында уулум мени кучактаганда абдан толкундандым. Сабак учурундагы анын жүрүм-турумун көрүп, ал эч нерсеге алаксыбай, мугалимдин бардык айткандарын так аткарып жатканы мен үчүн абдан күтүүсүз болду. Былтыр сентябрь айында, адистер, баламды өз жүрүм-түрумун көзөмөлдөй албайт дешкен. Орто мектепке бизди албай коюшкан. Жети ай өткөндөн кийин, мен, уулумдун жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөрдү көрүп, бул жылы биринчи класска жалпы билим берүүчү мектепке барат деген чечим кабыл алдым. Балам дагы мектепке абдан баргысы келет», - дейт ресурстук борбордун окуучуларынын биринин апасы Назгуль.

Республикалык психологиялык-медициналык-педагогикалык кеңештин башчысы Татьяна Романованын айтымында, ата-эненин сабакка катышуусу балага да, ата-энеге дагы абдан маанилүү.

"Баласы, анын ийгиликтери, окутуу жана өнүгүү динамикасы тууралуу билүү келечекте кереги тиет. Мындай иш-чаралар баланын коомго аралашуусуна (социализация) жардам берет. Дүйнөнү таануусу практикалык маселелерди чечүү аркылуу ишке ашат. Бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн ылайыкталган негизги билим берүү программаларынын максаттарынын бири болуп эсептелет", - дейт Романова.

«КРда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүдө инновациялык технологияларды киргизүү» долбоорунун менеджеринин ассистенти Жылдыз Кудайбердиева ресурстук борбордун окуучусу 6 жашар Мухаммед окуган «Үй-бүлө – жашоо башаты» аттуу ыр өзгөчө жакканын айтат.

"Мектеп педагогдорунун пландарында ата-энелердин кабыл алуусуна жана түшүнүүсүнө жакын темалар болушу зарыл. Бул аларга өз баласынын маанайын жакшы сезүүгө жардам берет», - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий