• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда “Адамдын ден соолугунун санариптик профили” ишке киргизилди

Ден соолук 0

Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда “Адамдын ден соолугунун санариптик профили” пилоттук режимде ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

“Адамдын ден соолугунун санариптик профили” - бул адамга тиешелүү жана мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары чогулткан маалыматтарды топтогон жана чагылдырган маалымат системасы.

Маалыматтык системаны түзүүнүн максаты - бейтаптардын ден соолугу жөнүндө маалыматка тез жана ыңгайлуу жетүүнү камсыз кылуу аркылуу калкты медициналык тейлөөнүн сапатын жана натыйжалуулугун жакшыртуу, ошондой эле бейтаптын ден соолугу жөнүндө маалыматты издөө жана чогултууга кеткен убакытты кыскартуу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө санариптик чечимдин жардамы менен калк үчүн төмөнкү маалыматтар жеткиликтүү:

  • Адам бекитилген алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюму.
  • Камсыздандырылган статусу.
  • Алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарына баруу тарыхы.
  • Ооруканага жаткыруу тарыхы.
  • Лабораториялык жыйынтыктардын тарыхы.
  • Эмдөө тарыхы.

Мындан тышкары, келечекте "Адамдын ден соолугунун санариптик профилине" башка бардык саламаттык сактоо кызматтарын интеграциялоо пландаштырылууда, мисалы, дарыгерге жазылуу, электрондук жеңилдетилген рецепт, медициналык тарыхтан көчүрмөлөргө жетүү, ар кандай күбөлүктөр жана башкалар.

Жеке "Адамдын ден соолугунун санарип профилине" жетүү үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

  • Булутка негизделген электрондук санарип кол тамгасын алыңыз.
  • “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү.
  • Порталдагы өз кабинетиңизге кирүү.
  • Менюдан "Санариптик ден соолук профили" тандоо.

Белгилей кетсек, учурда маалыматтык система пилоттук долбоор стадиясында турат, ошондуктан суроолор пайда болгон же маалыматтар туура келбеген учурда колдонуучулардан техникалык колдоо кызматына телеграмма-бот @mz_kr_info_bot аркылуу кайрылуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий