• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Сузакта 11 тургун диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты

Коом 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Сузак районунун Бек-Абад айылынын 11 тургуну "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК кызматкерлери тарабынан аталган экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартуу менен диний-экстремисттик уюмдарга каршы алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында Бек-Абад айылынын 11 жараны: Н.С., А.Ф., М.у.М., Ю.С., А.М., М.Д., К.Р., А.Ш., О.М., М.З. жана М.М. коомчулук алдында экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Аталган жарандар буга чейин "Хизбут-Тахрир" ДЭУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, идеологиясын карманышкан.

Жогоруда аталган жарандар өздөрү тандап алган диний агымдын жаңылыштыктарын моюнга алып, жарандарды «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.

Учурда УКМК тарабынан "Хизбут-Тахрир" ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле дагы башка тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда.


"Хизбут-Тахрир" ДЭУсу Жогорку соттун 2003-жылдын 20-августундагы чечими менен экстремисттик уюм деп таанылып, анын Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Мындан улам УКМК аталган уюмга кирүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет

Пикир

Оставить комментарий