• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда акыркы бир жумада 228 мас айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 9-октябрдан тартып 15 октябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 14 миң 763 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 189;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 228;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 15;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 694;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2252;
- авто ээнбаштык – 2;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 692;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 950;

өшондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 миң 741 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий