• 87
  • 89.63
  • 0.85

Сузактагы окуя. Акыйкатчыга үч ата-эне балдарынын укугун коргоо өтүнүчү менен кайрылды

Аймак 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага Сузактагы бала бакчада сабалган бөбөктөрдүн окуясынан кийин үч ата-эне балдарынын укугун коргоо өтүнүчү менен кайрылды.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү №1 “Кенжетай” бакчасында сабалган балдардан кабар алып, ата-энелери менен жолугуп келди. Ур-токмокко кабылган бөбөктөр 2, 3 жана 4 жашта.

Ата-энелеринин маалыматында, үчөөнүн тең денелери көгөрүп, тытылган. Учурда, балдар психологиялык жардам алууга муктаж.

“Менин балам бул бала бакчага 2022-жылдын күз айынан тарта барат. Акыркы учурларда баламдын ар-жери көгөрүп, кулагынын арты тытылып келгенде тарбиячыларынан сурасам, балдар менен уруша кетишти деп койчу. Баламды тарбиячылары уруп жүргөнүн 29-ноябрь күнү билдик. Учурда, балам башы, бели ооруп жатканын көрсөтүп, ыйлап, кусуп жатат”, - деди балдардын биринин апасы.

Ата-энелердин биринин акыйкатчыга жазган арызында, алардан 700 сомдон чогултулуп видео көзөмөл орнотулган. Бирок, алар сураганда мекеменин жетекчиси видео көзөмөл эч кандай жазуу жүргүзбөгөнүн айткан.

Жаш балдардын, аялдардын жана калктын аярлуу катмарынын укугун коргоо акыйкатчынын өзгөчө көңүл борборунда. Жаманбаева бөбөктөр ушундай ырайымсыз мамилеге дуушар болуп жатканы өтө кейиштүү экенин айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө жана жогорудагы окуяны тыкыр иликтөөгө чакырды.

“Балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө карата мыйзам чегинде бардык чаралар колдонулушу керек. Балдардын коопсуздугун камсыздоо жаатында кечиктирилгис чаралар көрүлүшү керек”, - деди Жаманбаева.

Пикир

Оставить комментарий