Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-октябрь саат 11:40 баштап тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Төө-Ашуу жана Сосновкада бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасынан билдиришти.
Эрежеге ылайык, кар жааганда жүк ташуучу унаалар Төө-Ашуудагы жолдун аркы өйүзүнө токтоп, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат. Ошонун негизинде аларга чектөө киргизилет.
"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда аба-ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүүиштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу "Кыргызавтожол" айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн ала жүрүүнү сунуштайт.
Пикир
Оставить комментарий