Төрөбаев австриялык компаниянын жетекчиси менен гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Австриянын эл аралык гидроэнергетикалык жабдыктарын чыгаруучу "Global Hydro Energy" компаниясынын жетекчиси Ричард Фрицберг менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар компания тарабынан Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун учурдагы абалын талкуулашты, ошондой эле узак мөөнөттүү келечекте кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары "Кыргызстан туруктуу өнүгүүгө жигердүү кадам шилтеп жатканын" белгилеп, ири инфраструктуралык жана эл аралык долбоорлорду, анын ичинде ГЭСтерди курууну ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Бул контекстте Бакыт Төрөбаевдин айтымында, Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорун ишке ашыруу "Кыргызстан үчүн да, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмү үчүн да кеңири экономикалык, экологиялык, социалдык пайдаларды жана перспективаларды алып келет".

Өз кезегинде Global Hydro Energy компаниясынын жетекчиси Ричард Фрицберг кыргыз тарапты Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, австриялык компанияларда энергетика тармагындагы ири стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык ресурстар бар экенин, анын ичинде кайра жаралуучу энергия булактары тармагын өнүктүрүүнү белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар жолугушууда көтөрүлгөн эки тараптуу кызматташуу долбоорлорун иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий