Таласта темир-бетон буюмдар заводу курулууда

Аймак 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Талас облусунда темир-бетон буюмдар заводу курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, завод Талас районуна караштуу Манас айылында курулууда. Ал үчүн Талас райондук өнүктүрүү фондусунан 13,5 млн сомдук долбоор жактырылып, акча каражаты бөлүнүп берилген. Темир-бетон буюмдар заводу ийгиликтүү ишке берилсе, андан Г-12, Г-15, ЛР- 40, ЛР-60 бетон латокторун чыгаруу пландалууда.

Белгилей кетсек, аталган темир-бетон буюмдар заводунун тийиштүү архитектуралык керектелүүчү иш кагаздары Талас районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалган. Бүгүнкү күнгө карата темир-бетон буюмдар заводунун курулуш иштери аяктоо алдында турат.

Пикир

Оставить комментарий