• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте алгачкы ирет “Ы” тамгасына эстелик тургузулат

Коом 0

Бишкек, 26.04.24. /Кабар/. Бишкекте дүйнөдө жүзү боюнча алгачкы ирет "Ы" тамгасына арналып эстелик тургузулат. Бул тууралуу Российская газета басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, эстеликтин ачылышы 29-апрелде “Ынтымак” сейил багында өтөт.

Кыргызча-орусча сөздүгүндө жалпы жонунан “ы” тамгасы катышкан 600дөн ашык сөз бар.

“Кыргыз тилинде бул тамганын болуусу менен "кыргыз", "кыргыз эли", "Кыргызстан" бренддери татыктуу таанылып жана кабыл алынып келет", - деп айтылат билдирүүдө.

Эстеликке QR-код коюлат. Ал аркылуу шаар тургундары жана коноктору Кыргызстандын географиясы, тарыхы жана эли тууралуу кыргыз жана орус тилдеринде маалыматтарды ала алат.

Пикир

Оставить комментарий