• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ташкент шаарындагы сейил бакта "Кыргыз айылы" ачылды

Маданият 0

Бишкек, 20.07.24. /Кабар/. Ташкент шаарындагы "Голубые купола" сейил багында Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн алкагында "Кыргыз айылы" ачылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, анда кыргыз боз үйлөрү тигилип, улттук аспаптар, кол өнөрчүлүк, зергер буюмдары жана улуттук кийим кечелер орун алды.

Калаа тургундарын суктандырган "Кыргыз айылы" 2 күн орун алып, кыргыздын улуттук дөөлөттөрүн тааныштырат.

Айылга Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Авазхон Таджиханов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү баш багып, анда орун алган көргөзмө менен таанышып чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий