• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Тажикстандын кол салуусу. Баткен жана Лейлек райондорунда 8 миң үй жарыксыз калууда

Аймак 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда электр жабдыктарын калыбына келтирүү иштеринен кийин, 18 аныкталган 10 кВ аба чубалгыларынын 11 даанасы өчүрүлгөн бойдон калууда.

Улуттук энергохолдингден билдиришкендей, 8 миң 79 үй электр энергиясыз калууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылыш башталгандан бери жалпысынан 15 линия үзүлүп, 32 калктуу конуш электр энергиясыз калган, анын ичинен Баткен облусунда 26, Лейлек районунда 6 конуш.

Кечээ кечинде Лейлек району боюнча дагы 6-10 кВ аба чубалгыларында 3 авариялык өчүрүү аныкталган.

Бүгүнкү күндө 7 даана 10 кВ аба чубалгылары «Кыргызстан УЭТ» акционердик коомунун оперативдүү топтору тарабынан чыңалууга кошулду. Калган линиялар аймакта түзүлгөн оор кырдаалдан улам чыңалуусуз калууда.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда электр энергиясы менен камсыздоо боюнча абал туруктуу.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-сентябрында эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп, тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонгон.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.

17-сентябрда тажик тарап буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган, андан кийин Достук айылын аткылаган.

Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына караганда, 17нен 18-сентябрга караган түн тынч өткөн, бирок кырдаал курч бойдон калууда.

Чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 36 кишиге жетти,134 адам жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий