• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

"Кечээ, 16-сентябрда Кыргызстан Тажикстан менен чектешкен аймактарда курал колдонуу менен катталган чыр-чатакка байланыштуу аймакка тынчтык абалга келтирүү, кагылышуунун очогундагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, эвакуациялоо көчүрүү иштерин жүргүзүү, адам өлүмүнө жеткирбөө жана тийиштүү күчтөрдү мобилизациялоо максатында, Баткен облусунун Жарандык коргонуунун башчысы – ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин 2022 жылдын 16-сентябрындагы буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаал жарыяланган аймак Баткен облусун камтыды.

Пикир

Оставить комментарий