• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 6-май күнү саат 13:07де Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра айылында 5 балл, Кең-Суу, Корумду, Чоң-Таш, Байзак айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык айылында 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий