Бишкек, 11.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Өткөн жылы Тайвандын калкынын саны азайып, 2023-жылы өсүү тенденциясын уланта алган жок. Бул тууралуу Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги жазды.
Аралдын Ички иштер департаментинин маалыматы боюнча, Тайвандын калкы 2024-жылдын аягында болжол менен 23,4 миллион адамды түздү, бул 2023-жылдын аягына салыштырмалуу 20,222ге аз.
2024-жылы төрөлгөндөрдүн саны 134 856га азайган, бул Тайвань тархындагы эң төмөнкү көрсөткүч. Төрөттүн жалпы коэффициенти 1000 адамга 5,76ны түздү, бул 2023-жылга белгиленген көрсөткүчтөн 715 ымыркайга аз.
Былтыр аралдын калкынын жалпы кыскарышы 202,107 адамды түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 3,261ге аз.
Үйлөнгөндөрдүн саны да азайган. Өткөн жылы Тайванда 123 061 түгөй баш кошушкан, бул мурунку жылга салыштырмалуу 2 131ге аз. Аралдын 65 жана андан жогорку жаштагы тургундарынын үлүшү 19,18%ды түздү. Бул Тайвань азыр карыган коом болуунун алдында турат дегендик. Анткени, 65 жаштан жогоркулар жалпы калктын 20%ын түзүүдө.
Пикир
Оставить комментарий