• 86.8
  • 91.46
  • 0.87

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирустун экинчи толкуну башталышы мүмкүндүгүн эскертти

Дүйнө 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) карантин чараларын жумшартып жаткан өлкөлөрдү этият болууга чакырып, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну башталышы мүмкүндүгүн эскертти.

8-майга карата дүйнөдө 3,9 миллиондон ашык кишинин COVID-19 жуктуруп алганы аныкталды. Каза болгондор 270 миңден ашты.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон вирус жуктурган жаңы учурлар көбөйбөсө, кийинки жумадан тартып акырындык менен чектөөлөр алына баштай турганын билдирди. Бул өлкөдө өлгөндөрдүн саны 30 миңден ашып, АКШдан кийинки экинчи орунга чыкты.

Кошмо Штаттардын президенти пандемия «чабуулу» Экинчи дүйнөлүк согуштагы Перл-Харбор кол салуусунан же 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан да жаман экенин белгиледи. Президент кайрадан Кытайды айыптап, Пекинде коронавирусту өлкөдөн чыгарбай токтотууга мүмкүнчүлүк болгонун билдирди.

Ал ортодо АКШдагы штаттардын жарымы экономиканы калыбына келтирүү үчүн карантин чаралары жумшартылышы керектигин айтып чыгышты. Өлкөдө жалпысынан 1,2 миллион кишинин COVID-19 жуктуруп алганы аныкталып, 73 миңден ашыгы каза болгон.

Кытай өкмөтү өлкөдө вирус жуктурган жаңы учурлар азайганын билдирди. Расмий маалыматтарга ылайык, Кытайда үч жумадан бери COVID-19дан каза болгон учурлар каттала элек. Ошол эле маалда Кытай сандарды төмөндөтүп көрсөтүп жатышы мүмкүн деген кооптонуулар бар. Буга чейин Пекин коронавирус каатчылыгынын чен өлчөмүн жашырууга аракет кылганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий