• 87
  • 89.63
  • 0.85

Турдакун Сыдыков ЭКУга мүчө өлкөлөрдүн ТИМ кеңешинин отурумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын Иран Ислам Республикасындагы элчиси – Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү Турдакун Сыдыков Мешхед шаарында өткөн уюмга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-отурумуна катышты.

Тышкы иштер инистрлигинен билдиришкендей, Турдакун Сыдыков өз сөзүндө ЭКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелердин потенциалын натыйдалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи.

ЭКУ мейкиндигиндеги транзиттик-транспорттук кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун ролун белгилеп, Кыргызстандын деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкө катары ЭКУнун башка мүчө мамлекеттери менен биргеликте "Чыгыш-Батыш" жана "Түндүк-Түштүк" транспорттук коридорлорун өнүктүрүү боюнча ишке катышып жатканын, ошондой эле Борбор Азиянын эл аралык соода-инвестициялык, транспорттук-логистикалык жана транзиттик потенциалынын өсүшүнө өбөлгө түзүүчү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун стратегиялык долбоорун андан ары ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын делегациясынын башчысы ЭКУ аймагында энергетикалык коопсуздукту камсыздоонун маанилүүлүгүн, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун, CASA-1000 эл аралык долбоорунун алкагында энергетикалык инфраструктура объекттеринин курулушун аяктагандыгын, ошондой эле Баку шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын (СОР-29) 29-конференциясынын талааларында Кыргызстан тарабынан "ЭКУнун таза энергия борборунун" уставына кол коюлгандыгын белгиледи.

Сыдыков Кыргызстандын Азербайжан жана Монголия менен биргеликте "2023-2027-жылдар аралыгында тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер планынын" жыйынтыктарын чыгаруу максатында уюштурулган "Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү, тоо темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу" иш-чарасына колдоо көрсөткөндүгү жана катышкандыгы үчүн ЭКУга мүчө-мамлекеттерге ыраазычылык билдирди.

Бул контекстте ЭКУга мүчө өлкөлөрдү 2026-жылдын июнь айында өтө турган Экинчи "Бишкек+25" Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

ЭКУ ТИМК 28-отурумунун жыйынтыгы боюнча Мешхед коммюникеси кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий