Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин жаңы орун басары Абакиров Медер Омурбекович эмгек жамаатына тааныштырылды.
Ведомстводон маалымдашкандай, жаңы орун басарды министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды.
Данияр Амангелдиев Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери алдындагы сөзүндө Медер Абакировдун жогорку кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн, анын негизги тышкы саясий маселелерди натыйжалуу чечүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле ал тышкы саясаттын ырааттуу жана динамикалуу стратегиясы Кыргызстандын эл аралык беделин чыңдоодо маанилүү ролду ойной турганын билдирип, жаңы дайындалган орун басардын ишине ийгиликтерди каалады.
Сөзүнүн соңунда Данияр Амангелдиев Медер Абакировго жемиштүү ишмердүүлүк жана республиканын жыргалчылыгы үчүн алдыга коюлган максаттарды ийгиликтүү ишке ашырууну каалады.
Пикир
Оставить комментарий