Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында пара алуу фактысы боюнча А.Э., К.С. аттуу чек ара кызматынын аскер кызматкерлери кармалган. Алар ири өлчөмдө акчалай сыйлык үчүн чет мамлекеттин жаранына Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылып, республиканын аймагында жасаган укук бузуулары үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинен жашырынуу максатында көмөк көрсөтүшкөн.
Чет мамлекеттин жараны өлкө аймагындагы ири көлөмдөгү акчалай сумманы төлөө боюнча милдеттенмелерден качуу максатында жана Кыргызстандын чегинен тышкары жүрүүгө убактылуу чектөө бар экенин түшүнүп, Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп эсептелген КР жараны А.Т.га акчалай сыйлык берүүнү убадалап, Кыргызстандын чегинен чыгууга жардам сураган жана бул кылмыштуу аракеттерине айрым чек арачыларды тартышкан.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азыркы учурда алардын укукка каршы ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.
Пикир
Оставить комментарий