• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте эки адамдын ортосундагы чыр өлүм менен коштолду

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Ич ара болгон жаңжал, бир адамдын өлүмү менен коштолду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 19-августунда болжол менен саат 09:30 чамасында шаар көчөлөрүнүн биринде жолоочулар 40-45 чамасындагы адамдын жансыз денесин табышкан. Окуя болгон жерге дароо ыкчам-иликтөө тобу барган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип Ош облусунун 22 жаштагы Н.у.Э., аттуу жараны кармалган.

Аталган факты боюнча тиешелүү берене менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүүнүн айтымына караганда, ич ара пикир келишпестиктен улам, маркум экөөнүн ортосунда чыр чыккан.

Пикир

Оставить комментарий