• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Москвада мекендештерин уурдап, акча опузалаган кыргызстандыктар кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Москвада мекендештерин уурдап, акча опузалаган кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-июнда ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жараны кайрылган. Анда түн ичинде “Кузьминки” паркынын аймагында белгисиз адамдар анын 32 жаштагы жакын тууганын күч колдонуу менен унаага отургузуп, андан кийин белгисиз тарапка алып кеткенин жана ушул убакытка белгисиз болуп жатканын билдирген.

Келип түшкөн кайрылуу Россиянын ИИМнин Кузьминки району боюнча бөлүмүнө каттоо үчүн жөнөтүлүп, аталган факты укук бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү эсепке алуу китебине катталган.

Москва шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын операциялардын натыйжасында ижарага алган батирден 32 жаштагы И.М. аттуу жабырлануучу табылган. Аны эркине каршы кармашып, туугандарынан 1 млн 800 миң рубль талап кылышкан.

Аталган батирден аталган топтун лидери Нарын облусунун 34 жаштагы А.А. аттуу тургуну кармалган. Ал мурда адам өлтүрүү, каракчылык, тоноо, бейбаштык, алдамчылык үчүн соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Криминалдык чөйрөдө “Карагер” каймана аты менен белгилүү.

Кылмыштуу топтун лидеринен сырткары батирде Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тургундары, 19 жаштан 40 жашка чейинки ар кандай курактагы сегиз жаран болгон. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон жети адам кармалган.

Шектүү жарандарга тиешелүү болгон Hyundai, Volkswagen Polo үлгүсүндөгү автоунаалар, “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылып алынган.

Кармалган жарандарга карата жогорудагы фактылардын негизинде Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 3-бөлүмүнүн “а” пункту жана 163-беренесинин 3-бөлүмүнүн “а” пунктунда (“Уюшкан кылмыштуу топ жасаган адам уурдоо, уюшкан кылмыштуу топтун өзгөчө ири өлчөмдө мүлктү алуу максатында зомбулукту колдонуу менен опузалап талап кылуусу”) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Мурда жасалган оор кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле бул кылмыштуу топтун башка катышуучулары такталууда. Алардын буга чейин жасалган жана Москва шаары менен Москва облусунун аймагында катталган ушул сыяктуу эки оор кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий