УКМК: Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзамсыз пайдаланган 11 млн сом кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекетке 11 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Тактап айтканда, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, бөлүмдүн айрым кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин эсебине акча каражаттарын мыйзамсыз түрдө аванс катары которушуп, кийин өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталган.

КР Эсептөө палатасынын аудитордук корутундусуна ылайык, мыйзамсыз которулган акча каражаттын суммасы 11 млн сомду түздү.

Белгилей кетсек, аталган фактыдан улам Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси К.Б.Т. жана башкы эсепчиси Ч.Н.У. ээлеген кызматынан бошотулду.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

УКМК жарандарды мамлекеттик органдардын мыйзамсыз иш-аракеттерин байкаган учурда 0312-66-04-75 байланыш номери аркылуу маалымдоого чакырып, анонимдүүлүк кепилденерин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий