• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Украинадагы президенттик шайлоо: Куудул, актер Владимир Зеленский алдыда келатат

Дүйнө 0

Бишкек. 29.03.19 /Кабар/. Украинанын социологиялык кызматтары 31-мартта өтө турган президенттик шайлоонун алдындагы акыркы сурамжылоолордун жыйынтыктарын жарыялап жатышат.

Аларга ылайык, учурда талапкерлердин арасынан куудул, актер Владимир Зеленский алдыда келатат. Аны шайлоочулардын 25-28 пайызы колдоого даяр.

Сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, экинчи орун үчүн өлкөнүн учурдагы президенти Петр Порошенко менен оппозициялык «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко күрөш жүргүзөт.

«Демократиялык демилгелер» фонду менен Киевдеги Эл аралык социология институту экинчи орунга Порошенко чыгып, Тимошенкодон бир нече пайызга көбүрөөк добуш алат деп болжолдошууда.

«Рейтинг» тобунун маалыматына караганда, Порошенко менен Тимошенкону колдоого даяр жарандардын саны дээрлик бирдей — алар жалпы шайлоочулардын 17 пайызын түзөт.

«Социалдык мониторинг» борборунун маалыматына ылайык, учурда Тимошенко Порошенкодон бир аз алдыда келатат.

Шайлоонун экинчи айлампасына эң көп добуш алган алдыңкы эки талапкер өтөт. Биринчи айлампада жеңишке жетүү үчүн шайлоочулардын 50 пайыздан көбүнүн добушун алуу керек болот. Бирок социологдор талапкерлердин бири дагы бул көрсөткүчкө жете албайт деп эсептешүүдө.

Сурамжылоолордун көбүнүн жыйынтыктары боюнча, төртүнчү орунда Юрий Бойко келатат. Өткөн жумада ал Москвага барып, Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугуп келген. Анын бул кадамын башка талапкерлер катуу сындап чыгышкан.

Өлкөнүн прокуратурасы ага чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголо турганын билдирген. Бойко менен бирге төртүнчү орун үчүн Анатолий Гриценко күрөш жүргүзүүдө. Бул эки саясатчынын тең рейтинги 10 пайыздын айланасында. Жалпысынан бюллетенде 39 талапкердин аты-жөнү жазылган.

Порошенко шайлоо өнөктүгүндө Орусиянын агрессиясына каршы турарын жана Украинанын Европа Биримдиги менен НАТОго болгон интеграциясын илгерилете турганын убада кылууда. Тимошенко дагы ушундай эле позицияда, бирок ал Порошенконун социалдык-экономикалык саясатын сындап келет. Зеленский жаш шайлоочуларга ишенип, саясатты жаңыртуу зарылдыгын айтууда.

Пикир

Оставить комментарий