Кыргызстан менен Пакистан кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты. Ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов Пакистандын жаңы парламентинин шайланышы менен куттуктап, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу мындан ары да бекемделип, өнүгүүнүн жаңы сапатуу баскычына чыгарына, аны менен катар БУУнун, ШКУнун ж.б. эл аралык уюмдардын аянттарында көп тараптуу форматта уланарына ишенерин билдирди.

«Буга чейин биздин мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык ойдогудай өнүкпөгөндүгүнө көңүл бургум келет. Андыктан биз парламенттик делегациялардын, анын ичинде эки өлкөнүн парламенттик достук топторунун өз ара иш сапарларын активдештирүүгө кызыкдар экенибизди билдиребиз», - деди ал.

Мындан тышкары, баарлашуу учурунда Улан Примов 13-18-майда болуп өткөн терс окуяларда пакистандык студенттер да жабыркаганын өкүнүү менен белгиледи. «Кыргызстандын укук коргоо органдары чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрдү. Бул окуянын катышуучулары кармалып, тергөө иштери башталды, анын жыйынтыгы менен кылмышкерлер аныкталат», - деп баса белгиледи комитет башчысы. Ал ушул тапта Кыргызстандын аймагы тыптынч жана абал укук коргоо органдары толугу менен көзөмөлдөнүп турат деп кошумчалады.

«Пакистан менен ишенимдүү жана достук мамилени сактоо Кыргызстан үчүн биринчи кезектеги милдет болуп саналат. Кыргыз тарап эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн кызматташууну мындан ары да арттырууга даяр», - деп белгиледи ал.

Өз кезегинде элчи Хасан Али Зайгам жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, соңку окуялар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы достук мамилелерге терс таасирин тийгизбейт деген ишенимин билдирди. «Биз кызматташтыктын бардык багыттары боюнча кыргыз-пакистан мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кызыкдарбыз. Кырдаал өлкөнүн тиешелүү органдарынын көзөмөлүндө экенин кубануу менен кабыл алабыз. Элчилик да Пакистанга туура маалымат жеткирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат», - деди элчи.

Жолугушуунун соңунда эки мамлекеттин тең кызыкчылыгын козгогон маселелерди колдоп, эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыктар экенин тараптар билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий