• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Бишкекте социалдык статистика боюнча тренингдин экинчи бөлүгү башталды

Коом 0

Бишкек, 01.10.24. / Кабар/. Улуттук статистикалык комитет Кореянын статистикалык агенттиги менен биргеликте социалдык статистика боюнча тренингдин экинчи турун баштады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин уланып, 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин өткөн экономикалык статистика боюнча семинардын уландысы болмокчу.

Тренингдин максаты – социалдык маалыматтарды чогултуунун, талдоонун жана интерпретациялоонун сапатын жогорулатуу, ошондой эле Улуттук статистика комитетинин кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин күчөтүү.

Кореянын статистикалык агенттигинин эксперттери маалыматтарды иштеп чыгуунун заманбап ыкмаларын сунуштап, практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүшөт, бул изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатып, маалыматтарды коомчулук үчүн жеткиликтүү кылат.

Окутуунун программасы социалдык статистиканын негизги аспектилерин жана жашоо сапатын өлчөө ыкмалары боюнча лекцияларды камтыйт. Ошондой эле, төмөндөгү негизги темалар каралат:
- социалдык статистика жана жашоонун сапатын өлчөө;
- эмгек жана иш менен камсыз кылуу;
- кирешелер, керектөөлөр жана активдер.

Окутуунун соңунда катышуучуларга сертификаттар берилет. Семинар Кыргызстанда социалдык статистиканын өнүгүшүнө салым кошкон статистикалык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана тактыгын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий