Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Рыскулова Венера Кадышовна дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бүгүн, 21-сентябрда кол койгон.
Венера Рыскулова 1981-жылы 13-октябрда Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулган.
Эки жогорку билимдин ээси, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Пикир
Оставить комментарий